Сметалык баасы 57 млн сом. Өзгөндө жаңы спорт комплекси ачылды
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Красный-Маяк айылында жаңы спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
Комплекс заман талабына ылайык бүткөрүлгөн, сметалык баасы 57 млн сомду түзгөн. Анын курулушу жеке ишкер Улук Маматов тарабынан каржыланган.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов каржылык колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, спорт комплекске керектүү жабдыктарды алып берерин убадалады.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
