Казакстан менен Франция аскердик кызматташтыгын тереңдетүүдө
Казакстандын Коргоо министрлиги Франциянын Коргоо министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Александр Эскорсиа баштаган француз делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар аскердик чөйрөдө, атап айтканда, тынчтык орнотуучу кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты. Казакстан менен Франциянын биргелешкен аракеттери эл аралык коопсуздукту чыңдоого чоң салым кошуп жатканы белгиленди.
Француз делегациясы ошондой эле Алматыдагы Тынчтыкты сактоо операцияларынын борборунда болуп, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги
