Кыргызстанда 392 миң жөлөк пул, 817 миң пенсия алуучу бар - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 392 миң жөлөк пул, 817 миң пенсия алуучу бар

Акыркы беш жылдын ичинде социалдык коргоого кеткен чыгымдардын, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттардын үлүшүнө орточо эсеп менен алганда, анын бардык чыгымдарынын 15 пайыздан 20 пайызга чейинки үлүшү туура келди, ал эми бул беренеге багытталган каражаттардын көлөмү жыл сайын өсүүдө. 2023-жылы социалдык коргоого багытталган каражаттардын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйдү жана 59 млрд. ашык сомду түздү.

2023-жылы Социалдык фонддун чыгымдары (республикалык бюджеттен келип түшкөн төлөмдөрдү кошкондо) 2019-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйдү. Алардын негизги көлөмү пенсияларды төлөөгө багытталды, бул Социалдык фонддун 2023-жылдагы чыгымдарынын жалпы көлөмүнүн 84,8 пайыз түздү.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 392 миңге жакын адамды  түздү.  Мында балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү айлык жөлөкпулду алуучулар дээрлик 83 миң үй-бүлөнү же 283 миң адамды, ал эми социалдык жөлөкпул алуучулар 108 миңден ашык адамды түздү.

Беш жылдын ичинде (2019-жылдан 2023-жылга чейин) социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2,1 эсеге көбөйүп, 2023-жылдын аягына карата бир алуучуга 6 324 сомду түздү.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун жана башка мамлекеттик органдардын пенсиялык органдарында каттоодо турган пенсия алуучулардын саны 817 миң адамды түздү. Беш жылдык мөөнөттүн ичинде дайындалган айлык пенсиянын орточо өлчөмү 2019-жылдагы 5 960 сомдон 2023-жылда 9 380 сомго чейин өстү.

Графикте көрсөтүлгөндөй, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп эмгек пенсиясы Россияда (294 доллар) жана Казакстанда (240 доллар), эң азы Тажикстанда (38 доллар) жана Кыргызстанда (94 доллар) белгиленген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: