Таласта эки сугат канал ишке берилди
Талас облусунунун Бакай-Ата районундагы Үрмарал өзөнүнөн эки жакка (оң-сол тарапка) бөлүүчү Кызыл-Жар менен Жалпактил сугат каналдары реконструкциядан өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Кызыл-Жар, Жалпактил каналдарынын реабилитациялоо иштери бүткөрүлүп, 15 694 га жердин сугат суу берүүсү жакшыртылды. Мындан сырткары, Акназаров, Биримдик жана Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн элинин айыл-чарба өсүмдүгүнүн сугат суу менен камсыздоо маселелери чечилди.
Жалпысынан аталган сугат обьетилерди оңдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо иштери аткарылды.
Ошондой эле, 2 гидропост (суу өлчөөчү пост) жана 2 автокөпүрөө курулду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
