Дүйшөмбү шаарында ЖККУнун эл аралык аскердик илимий конференциясы өттү - ИА Караван Инфо
Дүйшөмбү шаарында ЖККУнун эл аралык аскердик илимий конференциясы өттү

2024-жылдын 14-октябрында Дүйшөмбү шаарында “ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын өнүктүрүү, даярдоо жана колдонуу” деген темада Эл аралык аскердик илимий конференция өттү. Иш-чарага ЖККУнун катчылыгынын жана Бириккен штабынын делегациялары, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун өкүлдөрү катышты, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы – Тажикстандын Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-лейтенант Эмомали Собирзода куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Конференциянын жүрүшүндө жамааттык коопсуздук системасын чыңдоонун актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болуп, ЖККУнун кризистик кырдаалдарга жооп берүү системасын өркүндөтүүгө басым жасалды.

ЖККУнун Бириккен штабынын делегациясынын башчысы «ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасы, абалы жана өнүгүү багыттары» деген темада доклад жасады. ЖККУнун катчылыгынын өкүлү “Маалымат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин кызыкчылыгында макулдашылган маалыматтык саясаттын негиздерин түзүү” деген темада баяндама жасады. Тематикалык талкууларга Уюмдун жумушчу органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Сүрөт: ЖККУнун басма сөз кызматы

error: