Армениянын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында эки өлкөнүн маданият министрлери маанилүү документке – 2025-2026-жылдарга маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы өз ара аракеттенүү боюнча иш-чаралар планына кол коюшту.

Бул план маданият жана искусство жаатында жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга негиз болот. Анда музейлердин, чыгармачыл топтордун жана сүрөтчүлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо, жаштар саясаты жана волонтердук иш жаатында кызматташууну кеңейтүү каралган.
Армения тарап Казакстанга жылуу кабыл алуу жана маданият күндөрүн өткөрүүдө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул окуялар көрүнүктүү армян режиссёру Сергей Паражановдун 100 жылдык мааракеси жылында өзгөчө мааниге ээ болуп жатканы белгиленген.
Министрлер ошондой эле музей жана архив тармагындагы, ошондой эле кинематография тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматы
