Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Люксембургга болгон иш сапарынын алкагында Европа инвестициялык банкынын президенти Надя Кальвиньо менен жолугушту. Тараптар инфраструктура, экология жана транспорт сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Казакстандын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоо долбоорлоруна, ошондой эле Ортоңку коридордун алкагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө бурулду. Казакстан европалык өнөктөштөрдү бул маанилүү долбоорлорго катышууга чакырат.
Мындан тышкары экологиялык таза долбоорлорду каржылоо жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар мындан ары кызматташууну тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.
Буга катар эле министр Белгиянын жана Люксембургдун Sarens, Cargolux жана SES сыяктуу алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Транспорт-логистика тармагындагы кызматташуунун келечеги, жүктөрдү абада ташууну өнүктүрүү жана санариптик технологияларды колдонуу маселелери талкууланды.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
