Бишкек мэриясы Ысык-Көлдөгү «Алтын-Булак» пансионатынын жер тилкесин аукционго койду - ИА Караван Инфо
Бишкек мэриясы Ысык-Көлдөгү «Алтын-Булак» пансионатынын жер тилкесин аукционго койду

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан «Алтын-Булак» пансионатынын жер тилкеси аукционго коюлду.

Мэриядан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жайгашкан «Алтын-Булак» пансионатынын жер тилкесинин аянты 23700,0 чарчы метр.

Пансионаттын аймагында пляж бар. Аймак боюнча ысык булак түтүгү өтөт жана ага кошулууга болот. Аукциондун баштапкы баасы 548 583,3 сомду түзүп, аренда мөөнөтү 5 жыл.

Аукциондун башка шарттары:
– «Алтын Булак» пансионатынын аймагындагы муниципалдык имараттарды жана курулуштарды бузуу.
– муниципалдык имараттарды жана курулуштарды бузууда коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыз кылуу.
– Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пансионаттын курулушун жүргүзүү.
– бардык курулган курулуштар жана имараттар ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин муниципалитеттин балансына өткөрүлүп берилүүгө тийиш (типтүү келишимдин 9-пунктуна ылайык – өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарган ижарачы, ушул келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башкалардай болуп, жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардан артыкчылыктуу укугу бар.).
– Бишкек шаарынын мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине берилген тизме боюнча жылына 50 орун өлчөмүндө жеңилдетилген шарттарды берүү.

Аукционго катышуу үчүн ЭЦП (электрондук санариптик кол тамга) үчүн флеш-картаны сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталуу керек, аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: