Жалал-Абадда Кырдаалдык борбор ачылды - ИА Караван Инфо
Жалал-Абадда Кырдаалдык борбор ачылды

Күн мурун, 21-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында милиция кызматкерлерине тиешелүү болгон кырдаалдык борбор ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Борбордун башкы милдети – коомдук жайларга, көчөлөргө жана эл көп чогулган аймактарга орнотулган видеокамералар аркылуу, элибиздин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдоо болуп эсептелет. Ошону менен бирге калкка жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү милдеттерин бекемдөө болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган борборго Жалал-Абад облусу боюнча беш жүздөн ашуун видеокамералар туташтырылып, кылмыштуулуктун алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында иштеп жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: