2024-жылдын 24-27-октябрында Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.
Ал белгилегендей, бул кыргыз-белорус эки тараптуу мамилелеринин тарыхында биринчи жолу болгону турат.
Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында бир катар маданий иш-чаралар мерчемделүүдө.
Тактап айтканда, кыргыз киносу жумалыгынын ачылышы болуп, анда ата мекендик режиссерлордун заманбап кинотасмалары тартууланат.
Мындан тышкары, Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастары боюнча сүрөт көргөзмөсү жана эки өлкөнүн белгилүү коомдук жана маданий ишмерлеринин катышуусунда илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын форуму уюштурулат.
Маданият күндөрүнүн акыркы жана негизги иш-чарасы катары Минск шаарындагы Беларус мамлекеттик филармониясында кыргыз искусство чеберлеринин гала-концерти болот.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
