Москвадагы Малый театрында «Саадак сакты» көрсөтүлдү
2024-жылдын 21-октябрында Россиянын Кичи театрынын сахнасында Бексултан Жакиевдин чыгармасы боюнча Бишкек шаардык Арсен Умуралиев атындагы драма театрынын “Саадак какты” аттуу спектакли ийгиликтүү көрсөтүлдү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият күндөрүнүн алкагында өттү. Москванын театр искусствосунун баалочулары кыргыз актерлоруна таазим этишти.
Спектаклдин режиссёру – Санкт-Петербург театр академиясынын Геннадий Тростянецкий устатканасынын бүтүрүүчүсү Уланмырза Карыпбаев.
Сценограф жана костюмдардын сүрөтчүсү – Зухра Мукамбетова. Пластика боюнча режиссёр – А. Ваганов атындагы Хореография академиясынын бүтүрүүчүсү Алина Мамбеталиева.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
