Садыр Жапаров БРИКС саммитинин жыйынына катышуу үчүн Казань шаарына барат - ИА Караван Инфо
Садыр Жапаров БРИКС саммитинин жыйынына катышуу үчүн Казань шаарына барат

ПрезидентиСадыр Жапаров 23-24-октябрда Татарстан Республикасына (Казань) БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Казань шаарында БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Алдыдагы жыйынга көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: