Оштун мугалимдери жасалма интеллектти өздөштүрүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош билим берүү институтунда быйылкы окуу жылынын курстарына жаңылык катары “Билим берүү жараянын уюштурууда жасалма интеллектти колдонуу” темасындагы лекция киргизилди.
Институттун информатика кабинетинин башчысы, аталган сабактын лектору Тынчтыкбек Досмуратовдун айтымына караганда, жасалма интеллекттин билим берүү тармагында туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча жаңы ыкмалар менен таанышышат.
Курстун катышуучусу, кыргыз тили жана адабияты мугалими Айпери Тажибай кызынын айтуусунда, лекция практикалык сабактар менен улантылып, анын жүрүшүндө мугалимдер педагогикалык ишмердүүлүгүнө жаңы технологияларды ийгиликтүү интеграциялоонун жолдорун изилдешкен.
Ал курс аяктаган соң нейросеттер боюнча үйрөнгөндөрүн өзү иштеген мектебиндеги кесиптештерге бөлүшүүнү максат кылып жатканын кошумчалады.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
