Парламент Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңештин 23-октябрындагы жыйынында Медербек Сатыевди КР Жогорку сотунун төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов КР президентинин тиешелүү сунуштамасын тааныштырды.
Аталган маселени кароонун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди КР Жогорку сотунун төрагасы кызматына дайындоого макулдугун берди.
Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
