Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин 65% бүттү - ИА Караван Инфо
Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин 65% бүттү

«Электр станциялар» ААКнын эң биринчи салынган жана эскилиги жеткен Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин негизги иштери бүтүп, бүгүнкү күндө реконструкция иштеринин 65 пайызы аяктап калды.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Үч-Коргон ГЭСи салынып ишке киргенден бери, модернизациялоо иштери ГЭСте биринчи жолу жүрүп жатат.

ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатуу менен бирге иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда. “Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо” долбоорунун алкагында демонтаждоо иштери толугу менен бүтүп, азыркы күндө аткарылган монтаждоо иштери:

1. Г-4 генераторунун роторун чогултуу боюнча иштер-95% аткарылды.

2. Т-2 күч трансформаторун монтаждоо 100% аткарылган.

3. РУ-10 кВ ток өткөргүчтөрдү монтаждоо – 99% га аткарылган.

4. Станциянын дренаждык системасы, 6 (алты) насос орнотулган, түтүктөр алмаштырылган жана монорельс Телфер плиталары орнотулган – 75% аткарылды.

5. Агып жаткан бөлүгүн кургатуу системасы, 1 (бир) насос орнотулган, түтүк алмаштырылган-25% га аткарылган.

6. ГА-4 гидроагрегатын монтаждоо;

Мындан тышкары, учурда Үч-Коргон ГЭСде калган монтаждоо иштери ыкчам аткарылууда.

Бүгүнкү күнгө аткарылып жаткан иштер:

1. Документтер менен иштөө: иш өндүрүш долбоорлорун жана графиктерди даярдоо;

2. Генератордун статорун чогултуу боюнча жумуштар-муздатуу тутумунун түтүктөрүн орнотуу иштери аткарылууда;

3. Генератордун роторун чогултуу боюнча жумуштар-ротордун уюлдарын орнотуу (монтаждоо аянтчасында).

4. 4-ГА жөнгө салуу системасынын түтүк өткөргүчтөрүн монтаждоо. Генератордун валынын таягын орнотуу. РК боюнча ширетүү иштери. Турбинанын валы менен капкагын монтаждоо.

5. Т-2 монтаждоо – Т-2 башкы трансформаторун киргизүү боюнча даярдык иштери.

6.Электр бөлүгүндө-электр кабелдерин орнотуу жумуштары жасалууда.

7. Кампадан жаңы жабдууларды ташуу жана полигонго курулуш таштандыларын чыгаруу иштери аткарылууда.

Энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине жакшы даярдык менен кирүү жана ага чейин Үч-Коргон ГЭСтин рекструкцияга берилген ГАсын толук бүткөрүү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: