"Ак Кеме" спектакли ТҮРКСОЙдун Ашхабадда өткөн II эл аралык театр фестивалында мыкты деп табылды - ИА Караван Инфо
"Ак Кеме" спектакли ТҮРКСОЙдун Ашхабадда өткөн II эл аралык театр фестивалында мыкты деп табылды

К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын “Ак Кеме” спектакли Түрк маданиятынын эл аралык уюмуна (ТҮРКСОЙ) мүчө өлкөлөрдүн Ашхабадда өткөн II театралдык фестивалында “мыкты спектакль” номинациясында жеңүүчү деп табылды.

Ашхабадда өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн театр топторун бириктирген II ТҮРКСОЙ театр фестивалы үстүбүздөгү жылды байыркы түркмөн Анау шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяландыгына, ошондой эле Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгын белгилөөгө арналып, 2024-жылдын 18-20-октябрында өткөрүлдү. II театр фестивалынын программасына Ашхабаддын ар кайсы жерлеринде өткөрүлгөн театрдык оюндары жана жолугушуулар, ошондой эле бир катар башка иш-чаралар киргизилген. Алп Арслан Улуттук драма театрынын сахнасында башка спектаклдер менен бирге Ч.Айтматовдун белгилүү чыгармасы боюнча “Ак Кеме” коюлду.

Театр марафону менен катар жазуучулар форуму, ТҮРКСОЙГО мүчө өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрүнүн мастер-классы сыяктуу башка маданий иш-чаралар да өттү. ТҮРКСОЙ музейлер ассоциациясы Анау шаарындагы “Ак Бугдай” музейинде жыйын өткөрдү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: