
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев борбор калаанын акими Жеңиш Касымбекти кабыл алып, Астананын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсү боюнча отчет берди.
Негизги экономикалык көрсөткүчтөр боюнча оң тенденция байкалууда. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында инвестициянын көлөмү 1 триллион 140 миллиард теңгеге жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16%га көп.
Жылытуу мезгилинин жүрүшү боюнча Жеңис Касымбек маалымат берди. Өткөн жылы жаңы газ жылуулук станцияларынын ишке киришинин аркасында шаар биринчи жолу жылуулуктун ашыкчасын алып, 1100 Гкал/сааттан ашык энергия берген. Жакынкы айларда Туран газ өткөргүч системасынын экинчи этабын бүтүрүү пландалууда, ал кубаттуулукка дагы 250 Гкал/саат кошулат. Тельмана газ беруучу системаны куруу жана Туштук-Батыш газ өткөрүү системасын долбоорлоо боюнча да иштер башталды.
Жыйындын жүрүшүндө мектеп, арзан турак-жай, медициналык пункттар сыяктуу социалдык объектилердин курулушу талкууланды. Жаңы окуу жылында пландаштырылган 24 мектептин 15и ачылып, анын 9у “Ыңгайлуу мектеп” улуттук долбоорунун алкагында курулган. Мындан тышкары жылдын аягына чейин дээрлик 4,5 миң орундуу 6 студенттик жатакананын курулушу бүткөрүлөт.
Касымбек белгилегендей, борбордо 170ке жакын короо-сарайлар жана коомдук жайлар көрктөндүрүлүп, 70тен ашык көчө оңдолду. Пландардын ичинде миллиондогон бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу.
Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы Астананын инфраструктурасын модернизациялоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Сүрөт: Акорда
