Кыргызстан менен Казакстандын саламаттык сактоо министрлери кызматташуу планына кол коюшту – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Казакстандын саламаттык сактоо министрлери кызматташуу планына кол коюшту

Кыргызстан менен Казакстандын саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев жана Акмарал Алназарованын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

ССМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 29-октябрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушууда 2025-2026-жылдарга эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралардын Планына кол коюлду.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри саламаттыкты сактоо системасын заманбап чакырыктарга ыңгайлаштыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, кол коюлган Планда белгиленген кызматташтык эки өлкөнүн жарандарына жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган көптөгөн багыттарды жана иш-чараларды камтыйт деп белгиледи.

План биргелешкен илимий долбоорлорду, анын ичинде генетикалык изилдөөлөрдү жана саламаттыкты сактоого инновациялык ыкмаларды иштеп чыгууну карайт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: