Кыргызстандын элчиси Пакистандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын элчиси Пакистандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Исламабад шаарында 28 октябрда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атахановдун Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардариге ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Элчи Авазбек Атаханов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардариге боордош саламын жолдоп, Пакистан Кыргызстан үчүн боордош жана көп кылымдык тарыхый жана маданий байланыштары түзүлгөн өлкө экенин белгиледи.

Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөчө орунду ээлейт, ал ар тараптуу кызматташууга ачык жана Пакистан Ислам Республикасы менен сапаттуу жаңы деңгээлде кызматташууга даяр.

Жаңы элчи боордош эки өлкөнүн ортосундагы достукту мындан ары да бекемдөөгө, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы ар тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын ишендирди.

Өз кезегинде Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Садыр Жапаровго өзүнүн эң жакшы каалоолорун айтып, элчи Авазбек Атахановду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалап, Пакистан менен Кыргызстан бири-бири менен эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде активдүү кызматташуусу керектигин, анткени аларды жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктар бириктирип турарын белгиледи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: