Ала-Букада куткаруучуларга жаңы шаймандар тапшырылды – ИА Караван Инфо
Ала-Букада куткаруучуларга жаңы шаймандар тапшырылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен  куткаруу жумуштарында пайдалануучу шаймандарын тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. 

Шаймандардын жалпы суммасы 681 миң 500 сомду түзөт, аларды район акими Руслан Айтбаев тапшырды. 

Ала-Бука районундагы суу сактагыч, көлдөрдү эске алуу менен куткаруучу моторлуу кайык, альпинисттик шаймандар, сел сууларын сордуруучу мотопомпа, генератор жана башка ар кандай куткаруучу каражаттар тапшырылды.

Алынган шаймандар өзгөчө кырдаал катталган учурда куткаруучуларга ыңгайлуу шарт түзүп, ыкчам аракеттерди көрүүгө шарт түзөт.

Район акими өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык базасын көрүп, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: