2024-жылдын август айында өткөрүлгөн квалификацияны жогорулатуу курстарына даярдыктын алкагында колдоосу менен “Мугалимди окут” (Teach the Teacher) программасы боюнча 88 улуттук мастер-тренер окутулду.
2024-жылдын 9-октябрынан баштап математика жана табигый илимдер, анын ичинде биология, химия, физика жана география боюнча мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары башталды.
Программа PISAнын компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын математикалык жана табигый илимдер боюнча сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Төрт күндүк оффлайн тренингдердин алкагында мугалимдерге заманбап билим берүү технологиялары сунушталып, натыйжалуу ыкмаларды билим берүү процессине киргизүү мүмкүнчүлүгү берилди.
Катышуучулар 5E – Кызыктыруу (Engage), Изилдөө (Explore), Түшүндүрүү (Explain), Кеңейтүү (Elaborate) жана Баалоо (Evaluate) – методикасын колдонуп, сабактардын жекече пландарын иштеп чыгышты жана мастер-тренерлерден онлайн ментордук колдоо алышты. Мастер-тренерлер эксперттерден да онлайн ментордук колдоо алышты, бул аларга билимдерин жана методикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бүгүнкү күндө мастер-тренерлер окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн жер-жерлерде мугалимдерге насаатчылык сунуштарын жана практикалык жардамын берип, 3 536 STEM-предметтеринин мугалимдерин окутушту жана 2 550 сабакты байкоодон өткөрүштү.
Курстардын кийинки этабы 2024-жылдын 4-ноябрында башталат. Программанын соңунда өлкө боюнча 15 885 STEM-предметтердин мугалимдеринин баарын окутуу пландалууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/