Түп районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды - ИА Караван Инфо
Түп районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылында 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды.

Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 135 млн сомду түзөт.

Курулуп жаткан жаңы мектеп 3 блоктон турат.

Эки кабаттуу окуу корпус спорт зал, өтмө галереясы бар.

Ошондой эле, долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары

Мектептин жалпы аянты 1383 чарчы метрди түзөт.

Учурда мектептин курулуш-монтаждоо жумуштары 95 пайызга аткарылда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/