Ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады.
“Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жаңы кадамдар менен иштеп баштады. Заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо алгылыктуу колго алынып коомдук тартипти сактоодо ийгиликтерди жарата алды. Ички иштер министрлиги тарабынан ордо калаабыздан баштап, алыскы айылдарга чейин кызматтар үчүн жүздөгөн имараттар, бөлүмдөр, айылдык милиция бөлүмчөлөрү курулуп, оңдолуп түзөлдү. Акыркы 4 жыл ичинде эле Ички иштер министрлиги тарабынан 702 автоунаа коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүү максатында жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине таратылып берилди”, – деди министр.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
