Кыргызстандык боксчулар жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болушту
Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Монтенегродо өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
54 кг чейинки салмакта Амантур Жумаев жана 92 кг чейинки салмак категориясында Тыныстан Алыбаев 3-орунду ээлешти.
Курама команда башкы машыктыруучулар Улан Төлөнбай уулу, Рустам Эсенкулов жана машыктыруучулар Бейшенбек Сабатаров, Темирлан Осмонов, Азамат Абдыкеримовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
