Өрнөк айылынан дайынсыз жоголгон ата-баланы 114 куткаруучу жана ыктыярчылар издеп жатышат
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өзү көзөмөлдөп турган издөө иштерине бүгүн, 1-ноябрда таңкы 7: 45 башталды. Жумгал районунда ӨКМден жана ИИМден болуп 81 кызматкер, 6 дрон жана жергиликтүү жарандар менен жалпы 114 адам жеринде издешет.
Ошондой эле Токтогул районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 314-чакырымынан Токтогул суу сактагычына чейинки суунун жээктеринде куткаруучулар издөө иштерин жүргүзөт.
Издөө иштери жеринде министрдин орун басары, генерал-майор У. Шамырканов жетекчилигинде жүрүүдө.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
