Кыргызстан жана ЮНИДО өнөктөштүктү чыңдоону талкуулады - ИА Караван Инфо
Кыргызстан жана ЮНИДО өнөктөштүктү чыңдоону талкуулады

Вена шаарында 29-октябрда КР экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов ЮНИДОнун башкы директорунун орун басары Юко Ясунага менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Тараптар өлкөлүк өнөктөштүк программасын, «жашыл» экономика жана санариптештирүү чөйрөсүндө кызматташууну, ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясын жана келечектеги Өнөр жай стратегиясын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга ишеним билдиришти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: