Сабиздин экспорту акыркы жылдары эки эсеге көбөйдү — Айыл чарба министрлиги
Сабиздин өндүрүшү акыркы төрт жылдын ичинде 30 миң тоннага чейин жогорулаган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Айтсак, мындан төрт жыл мурун сабиздин өндүрүшү 155 миң тоннаны түзсө, азыр анын көлөмү 185 миң тоннага чукулдап барат.
Кыргызстанда өстүрүлгөн сабиз таза, органикалык жол менен өстүрүлгөн улам жана органикалык жер семирткичтер колдонулгандыгына байланыштуу анын экспорту да жылдан жылга көбөйүүдө. Эгерде 2019-жылы 17 миң тонна сабиз экспорттолсо, учурда анын көлөмү 30 миң тоннадан ашат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
