Зардалыга барчу жол кеңейтилүүдө - ИА Караван Инфо
Зардалыга барчу жол кеңейтилүүдө

Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына баруучу жолдун Сары-Талаа-Кызыл-Таш бөлүгүндө кеңейтүү (бургулоо, жардыруу) жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, унаа кыймылынын багытын жакшыртуу үчүн белгилер орнотулууда.  Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/