Ошто дзюдо боюнча эл аралык мелдеш өттү - ИА Караван Инфо
Ошто дзюдо боюнча эл аралык мелдеш өттү

Ош шаарында 1-2-3-ноябрь күндөрү “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда “Сулайман-Тоо” кубогуна арналган дзюдо боюнча V эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мелдешке коңшу Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан, ошондой эле Кыргызстандын баардык аймактарынан жалпы 380 спортчу катышты.

Мелдеш 2008-2015-жылкы өспүрүмдөр арасында өттү.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медаль, диплом, кубок менен сыйланышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/