2024-жылдын 25-октябрында Европа Бирлиги (ЕБ) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине билим берүү сектору үчүн гранттык негизде 7 миллион евро же 648,7 миллион сомго жакын бюджеттик жардамды которду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Европа бирлигинин колдоосу Кыргыз Республикасында мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана жынысына, этникасына жана тилине карабастан бардык балдар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. ЕБ менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биргелешкен аракеттери билим берүү системасы сунуштаган көндүмдөрдү жана квалификацияларды эмгек рыногунун жана заманбап демократиялык коомдогу жашоонун муктаждыктарына шайкеш келтирүүгө багытталган.
ЕБ колдоосу Билим берүү жана илим министрлигинин илим, технология, инженерия жана математика (STEM) жаатындагы ишин колдоого, тактап айтканда, санариптик сабаттуулукту, медиа сабаттуулукту жана “жашыл көндүмдөрдү” илгерлетүүгө багытталган.
Максаты окуучуларды келечектеги турмушка натыйжалуу даярдоого жардам берүүдөн турат.
7 миллион евро өлчөмүндөгү транш 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн Европа Бирлиги тарабынан бөлүнгөн 27 миллион евронун алкагындагы экинчи төлөм болуп саналат.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Р.С.Татиков Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан Европа бирлигине стратегиялык өнөктөштүгү жана бюджеттик колдоо программасы боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
