ТМУ саммити: Расмий жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жайлары өзгөчө көзөмөлгө алынды - ИА Караван Инфо
ТМУ саммити: Расмий жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жайлары өзгөчө көзөмөлгө алынды

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити өтүп жатат. Бул расмий иш-чаралар учурунда милиция коомдук тартипти, жол коопсуздугун толук камсыздайт.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, расмий жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жайлары өзгөчө көзөмөлгө алынды.

“Транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жараткан транспорт каражаттары аргасыз алынат. Транспорт каражаттарын туура эмес жерге калтырбоону суранабыз”, – деп билдиришти ИИМден. 

Расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде борбор калаанын жолдорунун айрым тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылы чектелген, буга байланыштуу борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан жүрүү маршруттарын алдын ала тандоону суранабыз жана коомдук транспортту колдонууга чакырат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: