Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө директор Базарбаев Япониянын Коргоо министрлиги жана Жапон өкмөтү жалпысынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жаатында ишенимдүү стратегиялык өнөктөш болуп саналарын белгилеп, мындан ары да биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Япониянын жаңы уюмдары менен кызматташтыкты бекемдөө боюнча жумуштар улантылаарын билдирди.
Адам ресурстарын башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуунун кыска мөөнөттүү таанып-билүү программаларын ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Кавамото Хироюки К.Б. Базарбаевге Кыргыз Республикасында долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүндө Агенттик тарабынан көрсөтүлүп жаткан көмөгү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
JDS, долбоору Кыргыз Республикасында 15 жылдан ашуун убакыттан бери ишке ашырылып келе жаткандыгын жана өз натыйжаларын көрсөтүп келе жаткандыгын, бул долбоордун бүтүрүүчүлөрүнүн 60% дан ашыгы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп жатканын , алардын ичинен 50 бүтүрүүчү жетекчилик кызматтарда кызмат орундарын экенин белгиледи.
Буга байланыштуу бул долбоор Япониянын дүйнө жүзү боюнча ишке ашырылып жаткан эң мыкты долбоорлорунун бири болуп саналат.
Эске салсак буга чейин 2024-жылдын 23-агенттик директору К.Б. Базарбаевдин Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хидэки Года мырза, жана Кыргыз Республикасындагы JICE, JDS жана JICA долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өткөн.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
