Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунун Нарын шаарында 25-октябрда төрөлгөн 3 эмден кабар алды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Тактап айтканда, Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып, үч эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов жана Алтынай Майрамбековага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.
Үч эмге Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар ыйгарылган.
24 жаштагы Алтынай Майрамбекованын жана анын ымыркайларынын абалы учурда туруктуу экени айтылып, Ташиев аларга бардык керектүү шарттар түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле, наристелердин саламаттыгын көзөмөлгө алууну жана аталган үй- бүлөдөн кабар алып турууну тийиштүү тараптарга тапшырды.
Өз кезегинде 3 эмдин ата-энеси президент Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
