Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын август-октябрь айларында салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарына өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин 6 млрд 536,6 млн сом киреше салыгын чогултту.
Тактап айтканда, бюджетке киреше салыгынан:
Сентябрь жана октябрь айларында киреше салыгын чогултуу августка салыштырмалуу 721,1 млн сомго көбөйгөн.
Мындан сырткары, августтан октябрь айына чейинки отчеттордо көрсөтүлгөн жалданма жумушчулардын саны 37 миң 527 адамга көбөйгөн.
Ошондой эле октябрь айында август айына салыштырмалуу эмгек акы фонду 2 млрд 851,3 млн сомго көбөйгөн.
Сентябрдын башынан бери 52 миң 758 ишкердик субъекттери жана коммерциялык эмес уюмдар 12,25% өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифин колдонууну ырастоо жол-жобосунан өтүштү.
Бул жыйынтыктар камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы ставкасын мурунку 27,25%дын ордуна 12,25% деңгээлинде белгилеген Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыкчылыгын жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ишке ашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
