Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди - ИА Караван Инфо
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына келди.  

Өзбекстандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.  

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.  

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: