Ош шаарында жаңы таштанды полигонунун курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн 5-ноябрда, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан эски таштанды полигонун калыбына келтирүү жана жаңы полигонду куруу иштеринин башталышы менен жеринен таанышты.
Шаар башчысы мында жүргүзүлүп жаткан иштердин шаар үчүн маанилүү экенин белгилеп, курула баштаган жаңы санитардык полигон бардык зарыл болгон эл аралык талаптарга жооп берерин билдирди.
Белгилей кетсек, полигонду куруу иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ) жана Европа Союзунун (ЕС) колдоосу менен «Ош шаарында таштандыларды чогултуу жана иргөө системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
