РФнын бир катар шаарларында КР ИИМдин өкүлчүлүктөрү иштейт баштады - ИА Караван Инфо
РФнын бир катар шаарларында КР ИИМдин өкүлчүлүктөрү иштейт баштады

Кыргызстандын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен Россиянын ИИМдин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчилиги жолугушту.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчилигинин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Эки ведомство ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулаган кеңешмеге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Россиянын ИИМдин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары ички кызматтын полковниги Вячеслав Севрюков, бул башкармалыктын башка жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери катышты.

Жолугушуу учурунда экинчи тарапка Кыргызстандын ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган кызматкерлери тааныштырылды. Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандарыбыздын негизги бөлүгү Россиянын башка региондорунда жүргөндүгүн эске алып, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрүү, мекендештерибиз тарабынан жасала турган укукка каршы аракеттерге жол бербөө максатында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Россия Федерациясынын башка шаарларында да өкүлчүлүктөрүн иштете баштады.

Алсак, 2024-жылдын октябрында ИИМдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлдөрү дайындалган. Алар Санкт-Петербург шаары боюнча милициянын полковниги Таалайбек Тологонов, Екатеринбург боюнча милициянын подполковниги Нурдин Жороев, Новосибирск боюнча милициянын подполковниги Эрнест Асанов.

Ал эми, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү болуп милициянын полковниги Кылычбек Жолдошев дайындалган.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мындан сырткары, кылмыштуулук менен күрөшүү жана криминогендик кырдаал, өзгөчө баңгикылмыштуулуктун алдын алуу маселелери көтөрүлдү. Эки тарап тең жарандардын, өзгөчө жаштардын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылышына өзгөчө тынчсызданууларын билдиришти. Бул жаатта биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуштар талкууланды.

Ошондой эле, өзгөчө көңүл Россиянын миграция тармагында кабыл алынып жаткан мыйзамдарындагы жаңылыктарга бурулду. Россия Федерациясынын аймагында болуу үчүн мыйзамдуу негиздери жок Кыргыз Республикасынын жарандарына (72000ге жакын жаранга) карата маселе козголду. Бул Россияда убактылуу болуу мөөнөтүнүн аякташына, убактылуу жашоого уруксаттын жокко чыгарылышына байланыштуу болушу мүмкүн. Буга байланыштуу, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандар тарабынан келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Катышуучулар белгилегендей, бул иш-чара кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди ийгиликтүү ишке ашыруу жана жемиштүү кызматташуу үчүн негиз болуп берет. Жолугушуунун соңунда тараптар ачык өз ара аракеттенүүгө жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: