Нотариат системасын реформалоо, ошондой эле нотариалдык иш чөйрөсүндөгү системалык кемчиликтер маселесин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик нотариустарды пилоттук режимде этап-этабы менен жеке нотариустарга которуу жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү кошпогондо, оперативдүү башкаруу укугунда министрликке бекитилген жайларды акысыз негизде ушул жеке нотариустарга берүү маселеси каралууда.
Ошол эле учурда, бул жеке нотариустарда белгилүү бир нотариалдык кызматтарга чектүү белгиленген бааларды белгилөө жолу менен калктын социалдык жактан аялуу катмарына нотариалдык кызматтарды көрсөтүүнүн шарттары белгиленет.
Муну менен катар мамлекеттик нотариустарды жеке нотариустарга которуу штаттык санды, ошондой эле Министрликтин бюджеттик каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууга алып келерин белгилей кетүү зарыл.
Жогоруда белгиленген милдетти ишке ашыруу үчүн Министрлик тарабынан пилоттук режимде Бишкек шаарынын Свердлов районунун жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик нотариалдык конторасынын эки мамлекеттик нотариусу жеке нотариустарга которулду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
