Бишкекте Сүйүмбаев көчөсүнүн бөлүгү убактылуу жабылды
Капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу А.Сүйүмбаев көчөсү А. Огонбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү 2024-жылдын 8-ноябрына чейин убактылуу жабылды.
Белгилей кетсек, бул учурда ШМА (шагыл-мастикалык асфальт-бетон аралашмасы) төшөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
2024-жылга карата шаардын жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки тилке киргизилген, буга чейин жолчулар Москва көчөсүнөн А.Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүктө капиталдык ремонтту аякташкан.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
