Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди - ИА Караван Инфо
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына келди.  

Азербайжандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.   

Белгилей кетсек, Ильхам Алиев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.  

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: