Бокс боюнча жаштар курама командасы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди
Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү бүгүн Монтенегродо өткөн Дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келди.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, бокс федерациясынан өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Амантур Жумаев (54 кг) жана Тыныстан Алыбаев (92 кг) Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучулар Улан Төлөнбай уулу, Рустам Эсенкулов жана машыктыруучулар Бейшенбек Сабатаров, Темирлан Осмонов, Азамат Абдыкеримовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
