Каракол шаарынын райондук мамлекеттик администрациясында дыйкан-фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирищти.
Дыйкандарды тейлөө борборунун ачылышына Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин региондор жана жаратылыш ресурстары менен иштөө башкармалыгынын башчысы Аманат Сыдыков жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Эрлан Айсаракунов катышты.
Борбордо фермерлер райондук мекеме-ишканалардын адистеринен, «Айыл-Банк», «Элдик Банк» ААКнын өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш ала алышат. Ал жерде айыл чарбасындагы тажрыйбалуу адистер жарандарды жекеме жеке кабыл алып, кеңеш берет.
Борбордун ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматты төмөндөгү телефон номери аркылуу сурап билүүгө болот. 0708 574 046.
Белгилей кетсек, буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратынын башкы имаратында жана Сузак, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрацияларында дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлору ачылган.
Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
