Бишкекте ТМУ мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-Саммити башталды - ИА Караван Инфо
Бишкекте ТМУ мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-Саммити башталды

Бишкекте бүгүн, 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны башталды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө.

“Ынтымак Ордосунун” кире беришинде мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин ар бири – Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгрия Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбандар менен салам алышты.

Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: