С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Maker Fest фестивалы болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар тарабынан жаңы идеялар, өзгөчө ойлоп табуулары менен бөлүшүштү. Ошондой эле, заманбап экономикада талап кылынган көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган тренингдер, мастер-класстар өткөрүлдү.
Мындан сырткары, робототехника, 3D-басып чыгаруу, салттуу кол өнөрчүлүк жана дизайн сыяктуу багыттар боюнча панелдик талкуулар өтүп, көргөзмө уюштурулду.
Аталган иш-чара “Курак – аялдар жана кыздар үчүн креативдүү индустрияларды колдоо” аттуу пилоттук кыргыз-немис долбоорунун алкагында КР министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент), Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен GIZ (Германия) тарабынан уюштурулду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
