Конаевта улуттар аралык ынтымакты чыңдоодо массалык маалымат каражаттарынын ролу талкууланды - ИА Караван Инфо
Конаевта улуттар аралык ынтымакты чыңдоодо массалык маалымат каражаттарынын ролу талкууланды

Конаевде Казакстан элинин Ассамблеясынын журналисттер клубунун көчмө жыйыны өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген ЖМК өкүлдөрү, эксперттер жана активисттер катышты.

Катышуучулар улуттар аралык ынтымакты жана Казакстан элинин биримдигин чыңдоодо массалык маалымат каражаттарынын маанисин талкуулашты.

Жолугушууда казак тилин улуттар аралык катнаштын тили катары жайылтуу, жалган маалыматка каршы күрөшүү жана жарандар арасында чагымчыл аракеттерге каршы иммунитетти түзүү маселелери козголду. Катышуучулар ошондой эле улуттар аралык мамилелерди чыңдоого багытталган массалык маалымат каражаттарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларын талкуулашты.

Жолугушунун жыйнтыгында катышуучулар улуттар аралык мамилелер тармагында мамлекеттик, коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын мындан аркы кызматташуусу көмүлгөн деген тыянакка келишти.

Сүрөт: Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматы

error: