Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алибек Бакаев Сингапурдун Казакстандагы элчиси Зулкифли Бахарудин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин үстүбүздөгү жылдын май айында Сингапурга жасаган иш сапарынын жыйынтыгын жогору баалап, жетишилген макулдашууларды мындан ары да ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.
«Сингапур Казакстандын Түштүк-Чыгыш Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири жана биз соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө умтулабыз. Өткөн жылы товар жүгүртүү 1,8 млрд АКШ долларын түздү жана биз өз ара сооданын сапатын жакшыртуу менен бул көрсөткүчтөрдү жакшыртабыз деген ишенимдебиз», – деп баса белгиледи А.Бакаев.
Ошондой эле инвестиция жана транспорттук логистика тармагында кызматташууну өнүктүрүү жолдору талкууланды. Дипломаттар аймактык жана глобалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышты.
Элчи Зулкифли Бахарудинге эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Казакстандын вице-премьер-министри – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеунун атынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
