Таласта бокс боюнча жаштар арасында Эл аралык мелдеш өтүүдө - ИА Караван Инфо
Таласта бокс боюнча жаштар арасында Эл аралык мелдеш өтүүдө

Талас шаарындагы спорт ордосунда бокс боюнча жаштар арасында Эл аралык мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. 

Ата мекендик согуштун арадагери, даңк орденинин ээси Молдон Мураталиевдин жаркын элесине арналган мелдеш 9-12-ноябрь күндөрү өтмөкчү.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Талас облустук бокс федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг салмак категорияларында күч сынашат.

   

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: