4-ноябрда Кувейт Мамлекетинин Эль-Кувейт шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон “терроризмге каршы күрөштө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана чек ара коопсуздугунун натыйжалуу механизмдерин түзүү – Душанбе процессинин Кувейт этабы”темасында эл аралык конференцияга катышып, сөз сүйлөдү.

Президент Эмомали Рахмон конференцияны терроризмге каршы күрөштө эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун жана натыйжалуу чек ара механизмдерин түзүүнүн таасирдүү фактору катары баалады.
“Бул иш-чара, албетте, эл аралык деңгээлде, өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрү менен аймактарынын, Араб мамлекеттер тобунун, Африканын жана Түштүк – Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын (АСЕАН) ортосундагы кызматташтыкты координациялоого жана бекемдөөгө өбөлгө түзөт”, – деп белгиледи Эмомали Рахмон.

Тажикстан президенти жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын катышуучуларынын көңүлүн коомдо экстремисттик идеяларды жайылтуу, кастыкты, жек көрүүчүлүктү жана диний чыр-чатактарды козутуу, жаштарды террористтик жана экстремисттик уюмдардын реалдуу куралы болуп калган террордук кылмыштарды жасоого тартуу маселелерине бурду.
Ушуга байланыштуу, бул коркунучтарга каршы күрөшүү менен бирге тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө боюнча чараларды координациялоону күчөтүү зарыл деп табылды.
Эмомали Рахмон Тажикстандын эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча Конвенцияны кабыл алууга берилгендигин баса белгиледи. Бул маселе боюнча сүйлөшүү процессин мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүү зарыл деп табылды.
Мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча потенциалды бекемдөөнүн маанилүүлүгүнүн контекстинде Тажикстан Республикасынын Президенти: “биздин өлкө өзүнүн өнөктөштөрү менен кызматташтыкта курал-жарак, баңгизат аткезчилигинин жана терроризмди каржылоонун алдын алууга көмөктөшүүчү механизмдерди түзүүгө өз салымын кошууда”, – деп билдирди.
Президент дүйнөдөгү бекем тынчтыкты, туруктуулукту жана бейпил жашоону камсыз кылууга көмөктөшүүнү Тажикстандын тышкы саясаттагы башкы максаттарынын бири деп атап, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында “келечек муундар үчүн тынчтыкты бекемдөө он жылдыктарын”жарыялоо боюнча атайын резолюция кабыл алуу сунушун эске салды.
Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы “терроризмге жана аны каржылоого каршы күрөшүү боюнча Душанбе процесси” конференциясынын Кувейт этабы терроризм жана экстремизм менен күрөшүү чөйрөсүндө өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын жамааттык күч-аракеттерин мындан ары активдештирүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.
