4-ноябрда Аль-Кувейт шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон “терроризм менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана чек ара коопсуздугунун натыйжалуу механизмдерин түзүү – “Душанбе процессинин” Кувейт этабы ” БУУнун Башкы катчысынын орун басары Владимир Воронков менен жолугушту.

Жолугушууда Тажикстан Республикасы менен БУУнун контртеррористтик башкармалыгынын кызматташтыгынын натыйжалуулугу, ошондой эле аталган конференциянын иши тууралуу маселелер талкууланды.
Коопсуздуктун өсүп жаткан чакырыктарына жана коркунучтарына, анын ичинде терроризмге, экстремизмге жана ушул көрүнүштөргө байланыштуу башка трансчек аралык уюшкан кылмыштарга көп көңүл бурулду.
Эки тарап тең аталган чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүүдө эл аралык жана аймактык кызматташууну күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого байланышкан башка темалар боюнча да пикир алмашуу болду.
Сүрөт: Тажикстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы
