Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон Орусиянын элчиси Семен Григорьев менен жолугушту
Жолугушууда тараптар терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдөгү кызматташтыкты талкуулашты. “Маектештер Россия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык кызматташуу маселелеринин кеңири тизмесин, анын ичинде терроризмге жана экстремизмге каршы туруудагы биргелешкен аракеттерди карашты”, – деп айтылат Элчиликтин расмий билдирүүсүндө.

Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министринин орун басары Садик Имоми Душанбе менен Москванын ортосундагы экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш жаатындагы кызматташтык аймакта алдыңкы орунда турганын белгилеген. Ошондой эле ал эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы ийгиликтүү өз ара аракеттешүүсүн белгиледи.
Сүрөт: Орусиянын Тажикстандагы элчилиги
